Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өтө турганына байланыштуу биометрикалык маалыматты чогултуу процедурасы жанданды.
БШКнын маалыматына ылайык, кампания 17-июндан 21-июнга чейин созулат.
Атайын кичи автобустар аталган 3 шаарды кыдырып, жарандардын жеке маалыматын чогултат. Техника бардык зарыл жабдуулар менен камсыздалган. Ошол эле жерден жашаган жери боюнча каттоого туруп же паспорт алмашууга документтерди тапшырып койсо болот.