Бишкекте жыл башына карата 6 миңден ашык жумушсуз адам катталды

Бишкекте жыл башына карата 6 миңден ашык жумушсуз адам катталды.

 

Ишке орноштуруу  башкармалыгынан билдиришкендей, бул расмий маалымат, тагыраак айтканда, кеп башкармалыкка келип, каттоого тургандар жөнүндө болуп жатат.

 

Ал эми иш жүзүндө ордо калаада жумушсуз адамдардын саны андан дагы көп. Ведомстводон белгилешкендей, иши жоктордун көбү аялдар – 62 пайызы, 38 пайызы эркектер. Басымдуусунун жаш курагы 29дан 44 жашка чейин.