Ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундарына техпаспортторду берүү уланууда

Ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундарына техпаспортторду берүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 1 миң 600дөн ашык техпаспорт берилди.

 

Арыздар Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Учкун жана Ак-Тилек конуштарынын тургундарынан кабыл алынууда. Эске салсак, техпаспортторду берүү боюнча көчмө топтор ишин 7-декабрда баштаган.