Бишкектеги Психикалык ден соолук жана Наркология борбору бирикти

Бишкектеги Психикалык ден соолуктун республикалык борбору менен Республикалык норкология борбору бириктирилди. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалиддин Рахматуллаевдин «Азаттыкка» билдиришинче, ар кайсы региондогу ооруканалар аймактык ооруканалардын карамагына кирип, оптималдаштырылат.

«Бул өкмөттүн 2017-жылдагы токтомунун негизинде кабыл алынган иш-пландар. Психиатрия менен наркология кызматы бириктирилип, бир жетекчи болду. Норкология менен психикалык саламаттык деп койот, психикалык сергектик боюнча оорулардын бир тобуна кирет. Келечекте психиатрия жана кургак учук боюнча дагы амбулатордук кызматтар көбөйөт. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу жана иш-чараларынын негизинде боло турган жумуштар».

Учурда Республикалык психиатрия жана наркология борборун Руслан Токубаев жетектеп жатат. Ал мурда Наркология борборунун директору болчу. Жаңы жетекчи бул өзгөрүүлөр дарыгерлер менен бейтаптарга таасирин тийгизбей турганын, бири-бирин кайталаган же окшош бөлүмдөр кыскара турганын айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы кургак учукка каршы ооруканаларынын санын кыйла кыскартууну пландап жатканы айтылган. Министрликтин чечимине ылайык, айрымдары толугу менен жабылат.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде кургак учук, психикалык жактан жабыркаган жана баңгизатка байланып, дарылангандардын саны кысукарганын, ооруканада жаткан адамдардын саны азайганын, бир жылда болгону бир бейтапты дарылаган учурлар кездешкенин билдирген.

Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстанда баңгизатка көз каранды адамдардын жалпы саны 2020-жылы 42 635ти түзгөн. 2019-жылы 43 миңден ашкан.Ал эми психикалык дарттан жабыркагандардын расмий саны статкомдун 2020-жылдагы маалыматы боюнча, 29 369 экени көрсөтүлгөн. 2019-жылы 47 миңден ашуун экени белгиленген. Бул 62%га көп.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ