Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. “Кыргызстан Газпром” ишканасы билдиргендей, 17-апрелден 19-апрелге чейин газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

 

Буга байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумбы, Владимировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. Абоненттер бул убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонуусу керек.