Келээрки 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот.
Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, 2024-жылга чейин
715 айылда курулуш иштери бүтүп, таза суу инфраструктурасы жаңыртылат.
Учурда эл аралык финансылык институттардын каржылоосу менен
588 айылга тизме түзүлдү. Аларга сарпталуучу каражат 33 миллиард сомду түзөт.