Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы  өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы  өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Чокморов, Бөкөнбаев, Раззаков, Махатма Ганди, Тыныстанов, Курманжан Датка көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Ак-Босого, Эне-Сай конуштарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.