Россия Кант авиабазасында абадан коргонуу каражаттарын жайгаштыруу ниетинде

Россия Кант авиабазасында абадан коргонуу каражаттарын жайгашитыруу ниетинде. РИА Новостинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Россиянын коргоо министринин орун басары Николай Панков билдирди.

 

Ошондой аталган мамлекет кийин аскер базанын түзүмүнө пилотсуз учуучу аппараттарды киргизүүнү пландап жатат. Николай Панков белгилегендей, бул үчүн Кант аэродромунун инфраструктурасы жаңыланат.