Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин 2 көчө колдонууга берилди

Бишкекте капиталдык оңдоодон кийин 2 көчө колдонууга берилди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, Валдайская көчөсүнүн Курчатовдон Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жана №4 кичи райондогу ички көчө, Сүйөркуловдон Безымянная көчөсүнө чейинки тилке ачылды.

 

Кайра калыбына келтирүүнүн алкагында эки атмар асфальт төшөлүп, тротуар, ирригациялык система курулуп, жол белгилери орнотулду.

 

Учурда ордо калаада дагы 11 көчөдө иш уланууда.