Доллар бир аз арзандап баштады

Доллар бир аз арзандап баштады. Бүгүнкү күндө америкалык валютаны ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары 83 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 90 тыйындан сатышууда.

 

Мунун менен анын куну кечээтен тарта 20-30 тыйынга түштү. Улуттук банк соңку кийлигишүүсүн 29-октябрда жасап, интервенцияда  42 миллион доллар саткан.