Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясын берүү чектелет.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Манас проспектисинде, Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө, Тынчтык, Касым, Ынтымак, Арча-Бешик, Ак-Босого, Кара-Жыгач конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.