Көчө жарыктарын орнотуу иштери Ленин районунда да аткарылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Тимирязев, Алты-Бакан жана
Шербет тилкелеринде жүрдү. Анда жалпысынан 39 көчө чырактары орнотулду.
1 миң 100 метр электр энергиясын таратуучу аба чубалгылары тартылды.
Муну менен катар Дэн Сяопин көчөсүнүн бир бөлүгүндө эскилиги
жеткен 1 миң 600 метр линиялары жаңыртылды.