Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталса, кайрадан чектөөлөр киргизилет

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталса, кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Анын айтымында, соңку күндөрү пневмонияга кабылуу кайрадан көбөйүүдө. Бирок ал  COVID-19га тиешеси жок болушу мүмкүн.

 

Андыктан, адистер абалды көзөмөлдөп жатат. Белгилеп кетсек, өткөн жумада коронавирус статистикасы күнүнө 20-30 учур катталганын көрсөтсө, бул жумада 70 учурга жетти.