Кыргызстанга октябрда Pfizer вакцинасы жеткирилет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, 259 миң доза препарат дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында келет. Болжол менен 10-октябрга чейин. Ага чейин тиешелүү талапта иштей турган атайын муздаткычтарды орнотуу зарыл, — деди Ишенапысова.
Белгилеп кетсек, 2022-жылдын башында Кыргызстанга ошондой эле Модерна вакцинасы жеткирилет деп пландалууда.