Бишкектин Калык Акиев жана Токтоналиев көчөлөрүндө оңдоодон кийинки кемчиликтерди жоюу иштери аткарылууда

Бишкектин Калык Акиев жана Токтоналиев көчөлөрүндө оңдоодон кийинки кемчиликтерди жоюу иштери аткарылууда. Мэриянын маалыматына ылайык, алсак, Акиев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаевге чейинки тилкесинде тротуар калыбына келтирилип жатат.

 

Ал эми Токтоналиев көчөсүндө бордюрлар алмаштырылып, курулуш таштандылары тазаланууда.

 

Белгилеп кетсек, кемчиликтерди атайын түзүлгөн комиссия аныктаган.