Түндө Орто-Сай базарында чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөяө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, соода аймагында тилсиз жоо түн жарымда чыгып, 2 сааттан кийин чектөөгө алынды.
Ал эми толугу менен жалың эртең мененки 9га өчүрүлдү.
Буга өрт өчүрүүчүлөрдүн 5 бригадасы тартылган. Тилсиз жоо алдын ала маалыматтарга ылайык, 1 миң 800 чарчы метр аянтты жок кылды. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.