Бишкекте майдын башында 1 миллиондон ашык гүл отургузулат

Бишкекте майдын башында 1 миллиондон ашык гүл отургузулат. Учурда петуния, георгин, сальвия, агератум жана башка гүлдөрдүн түрлөрү “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери тарабынан өстүрүлүп жатат.

 

Салттагыдай эле, анын көбү Ала-Тоо аянтына отургузулат. Андан кийин гүлдөр ордо калаанын башка райондорунда дагы пайда болот. Бир жылдык гүлдөр бишкектиктерди кеч күзгө чейин кубандырып турат.