Боом капчыгайында кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 5-9-апрель аралыгында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 117-118-чакырымдары эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жабык болот.
Бул таштарды атып түшүрүү иштерине байланыштуу. Айдоочуларга альтернативалык каттам сунушталат.