Караколдо окуучулар эки күндөн бери онлайн режиминде билим алууда. Шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чечим шаарда аба-ырайы кескин суук болуп кеткенине байланыштуу кабыл алынды.
1-2-апрелде окуучулар аралыктан окууга аргасыз болсо, дүйшөмбүдөн тарта окуу кайра каимки режимде уланат.
Белгилеп кетсек, негизинен класстардагы температура +18 болушу керек болсо, учурда аба табы +10дон жогору болгон жок.