Боомдо суу кечип жол кыймылын жөнгө салган инспектор кол саат менен сыйланды

Боомдо суу кечип жол кыймылын жөнгө салган инспектор кол саат менен сыйланды. Эске салсак, өткөн жумада нөшөрлөгөн жаандан кийин сел жүргөн. Кызматкер суу тизеден болсо дагы ишин уланта бергенин социалдык тармактарга жүктөлгөн видеодо көрсө болот.

 

Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тасманын каарманы – милиция прапорщиги Жалидин Бейшенбаев.

 

Жетекчилик ага ыраазычылык билдирип, кол саат такты.