Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү кампаниясы жыйынтыкталууда

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү кампаниясы жыйынтыкталууда. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурга карата 608 гранттык жана келишимдик негизде 66 миң 321 бош орун бар.

 

Бүгүн документтерди кабыл алуунун соңку күнү. Ал эми 15-августтан тарта акыркы тур старт алат.