«Тазалыктын» кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көбөйттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарланды.

 

Маалыматка ылайык, акыркы айда эмгек акы 2000 сомго көбөйтүлгөн.

«Бул акча 15-августта 127 ташуучуга чегерилет. Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо» деп жазылат маалыматта.

Учурда борбордо 48 атайын техника иштеп жатат. Ошондой эле шаарда катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн кошумча жерлер аныкталды. Буга байланыштуу кошумча 60 даана контейнер сатып алуу пландалууда.