Кыргызстанда аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн электр энергиясы үчүн тариф төмөндөтүлдү.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, кеп, ай сайын “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алып жаткандар тууралуу болуп жатат.
Атайын бекитилген тариф – 1 киловатт-саатка 50 тыйын. Эгер бир айда 700 киловатт-сааттан ашык колдонулса, анда тариф 2 сом 16 тыйындан болот.