Брайль шрифти менен 4 миң 948 бюллетень даярдалды

Президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктаган референдумда добуш берүү үчүн азиздерге брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалды.

 

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендерди аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберди. Жалпы 3 567 138 бюллетень даярдалды.

 

Бюллетендердин саны “Тизме” (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелди.

Бюллетендер “Учкун” ачык акционердик коомунда басылды.

 

Президенттик шайлоонун бюллетени ак, референдумдун бюллетени көгүш түстө болот.

Президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум 10-январда өтөт.