Салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу мөөнөтү узартылды

Салык декларациясын электрондук түрдө тапшыруу мөөнөтү узартылды. Тиешелүү  чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

 

Уюмдар үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен салыктык отчетторду тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды.

 

Жеке ишкерлер үчүн 2022-жылдын 1-январына чейин жылдырылды. Буга чейинки мөөнөт 1-январда соңуна чыкмак.