Быйыл Каракол шаарында дагы 2 көчө калыбына келтирилет.
Novosti.kgге Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгнөн билдиришкендей, кеп,
Пржевальск жана Токтогул тилкелери тууралуу болуп жатат. Долбоор Ысык-Көлдү
өнүктүрүү фонду тарабынан ишке ашат. Жумуштар каражат бөлүү маселеси
чечилгенден кийин башталат. Бул максатта дээрлик 300 миллион сом керектелет.
Жалпысынан 3 чакырымдан ашык жолду оңдоо пландалууда