Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун баасы азырынча белгисиз

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык паспорттун баасы азырынча белгисиз.

novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, документтин баасы ал

канча беттен турганына байланыштуу болот. Алсак, 50 беттен турган бланктын эле

баасы – 470 сом, ал эми 32 барактуунун баасы – 407 сом. Бирок документти жаратууда

өндүрүш чыгымдары да эске алынат. Андыктан каттоо кызматы жарандар төлөшү

керек болгон сумманы паспортторду масштабдуу түрдө басып чыгаруу иштери

башталгандан кийин жарыялайт. Бул болжолдуу түрдө мартта өтөт