Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 3 миллиарддан ашты

Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 3 миллиарддан ашты.

Мындай жыйынтык эмдөө башталгандан бери жарым жыл аралыгында түзүлдү.

Бирок бай жана жакыр өлкөлөр ортосунда айырмачылык чоң. Bloomberg агенттигинин

маалыматы боюнча, эмделгендердин 23 пайызы 27 өнүккөн өлкөгө туура келет.

АКШда дүйнө калкынын 4,3 пайызы жашаса, дүйнөдөгү вакцина алгандардын

11 пайыздан ашыгы ушул өлкөдө. Ал эми дүйнөдөгү эмделгендердин 40 пайызы

Кытайга туура келет. Ошол эле маалда Африканын көпчүлүк өлкөлөрүндө эмделгендердин

саны 1 пайызга жетпейт. Ушундай абал дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнө тиешелүү.