Россия мигранттарга берилген жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-сентябрга чейин узартты

Россия мигранттарга берилген жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-сентябрга чейин узартты.

Бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн

административдик чара колдонулбайт. Патент, виза, миграциялык каттоо жана

ишке уруксат берчү башка документтерди узартуу талап кылынбайт. Чет өлкөлүктөрдү

депортациялоо, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик жазалоо да

белгиленген мөөнөт аралыгында токтоп турат. Мигранттарды ишке кабыл алууда

миграциялык документтер талап кылынбайт. Белгилеп кетсек,

Кыргызстандын 750 миңге жакын жараны Россияда эмгек миграциясында.