“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча мугалимдерди окутуу башталды

Бүгүнтөн тарта облустук борборлордо “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча сабак бере турган мугалимдерди жана теологдорду окутуу башталды.

Билим берүү министрлигинен такташкандай, жалпысынан 35 тайпа өз ишин баштады.

Ар бир группада бирден мугалим жана бирден теолог сабак өтүүдө.

Окуу 2-сентябрда жыйынтыкталат.