Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт

Быйыл маданият тармагындагы окуу жайларга тапшыруу онлайн режиминде өткөрүлөт.

Бул тууралуу маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында,

мындай мектептерге кабыл алууда кыйынчылыктар болууда. Пианино, хореография жана

башка багыт боюнча кабыл алуу атайын залдарга өткөрүлүшү керек болчу. Бирок

Республикалык штабдын чечими чыкмайынча маданият тармагындагы окуу жайларга

кабыл алуу жана окутуу онлайн режиминде жүргүзүлөт, — деди Жаманкулов.