Лейлекте 150 орундуу мектеп ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объект Баткендин Сары-Дөбө айылында курулууда.
Эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин жана Мамлекеттик казына облигацияларынын эсебинен каржыланган.