Бишкекте мектептер жана бала бакчалар азырынча жылуулукка кошулбайт.
Ордо калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдиргендей,
иштерди азыр баштоо максатсыз. Бакчаларга жана билим берүү мекемелерине
балдар барбайт. Кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөдө. Мекемелерде
нөөмөттөгүлөр гана иштеп жатат. Анын үстүнө аба-ырайы өтө суук боло элек.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күнгө карата “Бишкек жылуулук тармактары”
турак-жайлардын 92 пайызын жана медициналык мекемелердин 46 пайызын
жылуулук менен камсыздады. Калган керектөөчүлөрдү камсыздоо иштери уланууда.