Дээрлик 900 миң кыргызстандык биометрикалык маалыматын тапшырган эмес

Дээрлик 900 миң кыргызстандык биометрикалык маалыматын тапшырган эмес.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун айтымында,

жарандар мындай маселелерин 29-декабрга чейин чечиши зарыл. Белгилеп кетсек,

биометрикалык маалыматты тапшырбай туруп шайлоого катышуу мүмкүн эмес.

Кошумчаласак, бүгүнкү күндө добуш берүүчүлөрдүн тизмесинде 3,5 миллиондон

ашык адам бар. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленди.