Ордо калаада коомдук унаалар кадимки режимде иштеп баштайт

Ордо калаада коомдук унаалар кадимки режимде иштеп баштайт.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып автобус, троллейбус жана маршруттук автобустар таңдан түнгө чейин катташат.

Муну менен катар калаа бийлиги унаалардын ичинде дезинфекция жүргүзүлүп жатканын жана анын тазалыгын текшерип турат.

Белгилеп кетсек, буга чейин Бишкекте коомдук унааларга түштө 3 саатка тыныгуу берилип, бул убакта каттамдарды аткарышчу эмес.