2023-жылдын аягына чейин Кыргыстанга 5G технологиясын киргизүү пландалууда.
Анын алкагында 600 чакырымга созулган телекоммуникациялык тутум курулат, — деди
санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева. Анын айтымында,
бул максатта атайын жумушчу топ түзүлдү. Бүгүнкү күндө технологияларды сатып алуу
боюнча жана операторлор менен иштер жүрүп жатат. Кошумчаласак, 5G – бул
мобилдик байланыштын бешинчи мууну. Учурда бизде 4G гана бар.