“Түндүк-түштүк” альтернативалык жолунун курулушу 70 пайызга жыйынтыкталды.
Бул тууралуу унаа жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында,
трассанын жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө анын 193-чакырымына
асфальт төшөлдү. Ошондой эле эки эстакаддык көпүрөнүн туннели курулуп жатат.
Күтүлгөндөй, аталган долбоор боюнча бардык иштер 2023-жылы аяктап калат.