Доллар курсунун серпилүүсү уланууда

Доллар курсунун серпилүүсү уланууда.

 

Өткөн жумада кунун бекемдеген америкалык валюта эми позициясын кайрадан жогото баштады. Эгер өтүп кеткен аптанын башында эле анын куну 95 сомдук чекке жетсе, учурда коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары долларды 86 сомдон сатып алып, кайра  87 сомго сатышууда.

 

Белгилеп кетсек, соңку 2 айдан бери доллардын курсу кескин серпилип жатат, аз убакыттын ичинде анын куну максималдуу түрдө   107 сомго  чейин жетсе, минималдуу көрсөткүч — 78 сомду түздү.