Бишкектин коомдук транспорту убактылуу Киев көчөсүнө багытталды

Бишкектин коомдук транспорту убактылуу Киев көчөсүнө багытталды. Мэриянын маалыматына караганда, кеп Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган кичи автобустар жана автобустар тууралуу болуп жатат. Эске салсак, бул тилке 23-марттын түн жарымына чейин жабык болот.

 

Иш-чаралар Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу. Ошондой эле Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүндө Абдымомуновдон Чүй проспектисине чейин унаа кыймылы чектелди.