Бишкектин түндүгүн менен түштүгүн байланыштырган үч чоң жол салынат

Бишкектин түндүгүн менен түштүгүн байланыштырган үч чоң жол салынат. Алар Ахунбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине жете турганын мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ал үчүн Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жолду кестирип, Лев Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Бул максатта учурда жол  курулуш  иштерине тоскоолдук жараткан мыйзамсыз курулуштар, гараждар демонтаждалып жатат.