Республикалык штаб Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелерин бекитти. Кыргызстандыктар, чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар жана унаа менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш.
12 жашка чейинки балдарга бул талаптар милдеттүү эмес.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн “COVID-19 жок саякаттайм” уюлдук тиркемесин колдоно алат.