Баткендеги “Ак-Кыя” өткөрүү пункту эртең убактылуу иштебейт

Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан “Ак-Кыя” өткөрүү пункту эртең убактылуу иштебейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, аталган бекетте түшкү саат 12ден күндүзгү 4кө чейин адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүүсү чектелет. Мындай чара техникалык иштерге байланыштуу.