Доллардын баасы дагы төмөндөдү

Бүгүн, 17-мартта саат 17:15ке карата доллардын баасы дагы арзандады.

 

Өлкөнүн коммерциялык банктарында АКШ валютасын сатып алуу 94-96 сомго чейин, сатуу 97-99 сомго чейин болууда. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда долларды 94 сом 63 тыйындан сатып алса, сатуу 97 сом 63 тыйынды түздү. Улуттук банктын расмий сайтында доллар 104 сом 42 тыйын деп көрсөтүлдү.

 

Аны менен катар эле рублдун баасында да бир аз өзгөрүү болду. Алсак рублду сатып алуу 87-90 тыйын, сатуу 1 сом 12 тыйынга жетти.