Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернационал айыл өкмөтү тарабынан 9 жер тилкеси жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Прокуратура тарабынан 9 жер тилкеси боюнча берилген менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган», — деп жазылат билдирүүдө.
Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 3 миллион 870 миң сомго бааланган 9 жер тилкеси Интернационал айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.