Өкмөт басып алынган 120 миң жер тилкеге документ берүү мыйзамын алып чыкты

Министрлер кабинети Кыргызстанда басып алып турак жай куруп алган 30 миң гектар жерди документтештирүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Демилге парламентте экинчи окууда каралды. Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, мунапыс мыйзамына сунушталган 30 гектар жерге 105 миң турак жай, 16 миңге чукул фундамент уруксатсыз тургузулган.
Анын ичинде Бишкек шаарынын 44 жаңы конушунда мыйзамсыз курулган 6 382 үй бар. Азыркы тапта 3 589 үйдү мыйзамдаштырса болот, 2 793ү санитардык нормага дал келбегенине байланыштуу каралып жатат.
Бул мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу жана документтештирүү тапшырмасына ылайык иштелип чыккан.
Мунапыс беш объектиге багытталган:

Өз алдынча уруксатсыз курулган үйлөр;

Трансформация жөнүндө чечими барлар;

Айыл чарба өндүрүшүнө жараксыз жерлер;

Жер үлүштөрү, айыл чарба багытындагы мамлекеттик актысы бар 10-15 сотыхка бөлүнүп кеткен жер тилкелер;

Багбанчылык дача тибиндеги жер тилкелери.

Эл өкүлү Алишер Козуев азыркы кырдаалда эки вариант бар экенин белгиледи. Биринчиси — жүз миңден ашуун үйдү түрттүрүп кайра мурунку калыбына келтириш керек, экинчиси — баарын мыйзамдаштырып берүү зарыл.
Аны менен катар депутат мунапыс бере турган комиссиянын курамына көңүл бурууга чакырды. Ал эми укук коргоо органдарынан комиссиянын иштөө тартибин тыкыр көзөмөлдөөнү суранды.
Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдары жеке кызыкчылыктарын көздөбөй, ишти жөнгө салышы шарт экени белгиленген.