Кыргызстанда жылдык маяна 9,2 пайызга көбөйдү.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей,
көрсөткүч быйыл январь-август аралыгында былтыркы жылдын
тиешелүү мезгилине салыштырмалуу түзүлдү. 8 айда өлкөдө орточо
эмгек акы 19 миң 586 сомго теңелди. Айлыктын олуттуу өсүшү транспорт жана
товарларды сактоо тармагына тиешелүү – 31,7 пайыз. Андан кийин мүлк жана
маалымат, байланыш кызматкерлеринде – 16 пайыз, ошондой эле
өндүрүштө – 13 пайызга, тоо-кен казуу тармагыда 11 пайызга көбөйгөнү байкалды.