Япониянын тургуну тамеки тартканы үчүн 15 миң долларга жакын айыпка жыгылды

Япониянын Осака шаарынын тургуну жумуш учурунда тамеки тартканы үчүн 15 миң долларга жакын айыпка жыгылды.

Бийлик 14 жыл иштеген адам жалпысынан 4,5 миң жолу чылым тартканга тыныгуу үчүн жумуш ордун таштап кеткенин эсептеп чыккан.

Ал бул адатка 355 саат 19 мүнөт жумшаган.

Жетекчилик кызматкерге мындай жүрүм-турумга жол берилбестигин бир нече жолу эскертип, алтургай алты айга анын айлыгын 10 пайызга азайткан.

Осакада тамеки чегүүгө катуу чектөөлөр киргизилген жана мамлекеттик кызматкерлерге 2019-жылдан бери жумуш убактысында буга тыюу салынган.