Россия Кыргызстандын ар бир облусуна мектеп курат

Россия Кыргызстандын ар бир облусуна мектеп курат.

Тиешелүү макулдашууга Билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен Россия Федерациясынын билим берүү министринин орун басары Денис Грибов кол коюшту.

Мектептер ар бир аймакта бирден, Бишкек жана Ош шаарларына да бирден пайда болот.

Билим берүү мекемесинин алгачкысы 2025-жылы ачылып, орус тилинде окутулушу күтүлүүдө.

Курулуш толугу менен Россиянын эсебинен жүргүзүлөт.