Кувейт жана Катар бет кап тагынбагандарга жазаны күчөттү

Кувейт жана Катардын жашоочулары коомдук жайда бет капсыз жүргөнү үчүн 55 миң долларга чейин айыпка жыгылат же 3 айдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Кувейт жана Катар өлкөлөрүнүн бийлиги бир учурда бет кап тагынбагандар үчүн күчөтүлгөн жаза колдонуларын билдиришти. Кувейттин саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө бет кап тагынбаган жаран 3 айга чейин эркинен ажыратыларын же 16 миң 200 доллар айып пулга жыгыларын жарыялады.

 

Ал эми Катарда мындай эреже бузуу үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы же 55 миң доллар айып пул төлөөсү мүмкүндүгү айтылган.

 

Белгилей кетсек, 18-майга карата Кувейтте коронавирус илдетин жугузгандардын саны 14 миң 850гө жетип, анын 112си каза болсо, Катарда 32 миң 604 жаран вирус менен катталып, арасынан 15 адам каза болгон.