Элдик курултайдын резолюциясы Жогорку сотко расмий тапшырылды

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевди кабыл алды.

7-декабрдагы жолугушууда Кошалиев курултайда кабыл алынган резолюцияны расмий тапшырды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттон кабарлашты.

Элдик курултайдын резолюциясында Башкы прокуратура менен Жогорку сотко сөз эркиндиги жана камалгандар боюнча сунуш айтылган.

Анда эркин пикирин билдиргендерди саясий куугунтук кылбоо жана чек ара маселеси менен кармалгандардын ишин мыйзам чегинде карап, үй камагына чыгаруу сунушталган.

25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышты.

Анын 924үн эркектер, 148ин аялдар түздү.